Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Израил күчтөрү менен палестиналыктардын кагылышы күчөдү


Иерусалимдин автоунаа аскерлерди тебелетип кеткен аймагы, 6-февраль, 2020-жыл.
Иерусалимдин автоунаа аскерлерди тебелетип кеткен аймагы, 6-февраль, 2020-жыл.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планы жарыялангандан бери израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда карама-каршылык күчөдү. 6-февралда Иордан дарыясынын батыш жээгинде эки адам Израил күчтөрүнүн огунан каза тапты. Жети палестиналык жараат алды. Иерусалимдин чыгышында дагы бир адам полицияга ок атканы үчүн коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты.

Бейшембинин таңында Иерусалимдин борбордук бөлүгүндө бир палестиналык автоунаасы менен израилдик аскерлерди сүзүп, андан 12 жоокер жараат алган. 5-февралда да Израил аскерлери менен кагылышууда бир палестиналык мерт болгон.

Израилдин армиясы АКШ президенти Дональд Трамп январь айынын соңунда тынчтык планын жарыялагандан бери дээрлик күн сайын "ХАМАС" кыймылынын Газа тилкесиндеги позицияларына абадан сокку уруп жатат.

Израилдин өкмөтү Трамптын планын кубаттаганы менен Палестин автономиясы аны "Израилге артыкчылык берилген" деген жүйө менен айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG