Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кыргызпатент: 2019-жылы ырчы Атабеков менен Борбиев эң көп сый акы алды  


Бек Борбиев.
Бек Борбиев.

2019-жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматы (Кыргызпатент) ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан 12 млн. сом чогултту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева 6-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

«Келишим түзүлөт. Инспекторлор барып, ошол жайдагы орундарды санап, атайын формула менен чыгарат. Телевизор, фонограмма, жандуу үн менен музыка болобу, алар милдеттүү түрдө автордук сый акы төлөйт. 2019-жылы 12 млн. сомго чейин акча чогулттук. Азыр бөлүп берип жатабыз. Былтыр Мирбек Атабеков, Бек Борбиев эң көп сый акы алган авторлор болду».

Бирок аталган ырчылардын канча сом алганы айтылган жок.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы автордук укук үчүн жыйым чогултууга чыгарма ээлери менен келишим түзөт. Өлкөдөгү бардык телерадио, театрлар, кафе, ресторан жана мейманканалар музыка пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөөгө тийиш. Бирок, Кыргызстандагы бир катар чыгармачыл бирикмелер, искусство адамдары өлкөдө автордук укук корголбой келе жатканына нааразы болуп келатышат. Буга чейинки расмий маалымат боюнча, Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG