Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 12:12

Ош шаардык милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизатты колго түшүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн шектүү катары 42 жаштагы адамды кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү жашаган үйдү кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылган. Атайын экспертиза анда табылган баңгизат марихуана (кара куурай) экенин аныктады.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө баңгизатты сатып өткөрүү максатында Токтогул районунун аймагынан өзү чогултуп жүргөнүн айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 267-268-беренелеринин негизинде («Баңгизаттарлы сатып өткөрүү максатында сактоо») сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал буга чейин үч ирет сот жообуна тартылган. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG