Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Трамп «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн жарыялады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Президент Дональд Трамп АКШнын Йемендеги террористтерге каршы операциясында Араб жарым аралындагы «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери Касим аль-Райми жок кылынганын жарыялады.

Трамп 6-февралдагы кайрылуусунда «Касим аль-Райминин өлүмү аймакта жана дүйнөдө «Аль-Каида» террористтик тобун алсыратат» деди. Ал Райми качан өлтүрүлгөнүн айткан жок.

Райми 2015-жылы «Аль-Каиданы» АКШнын аба соккусунан өлгөн Нассер ал-Вухайшининин өлүмүнөн кийин башкарып калган. Ал билдирүүлөрүндө АКШга чабуул коюуга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG