Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Чеченстанда журналистке кол салуу болду


Журналист Елена Милашина.
Журналист Елена Милашина.

Бейшемби күнү кечинде Грозный шаарында «Новая газета» басылмасынын журналисти Елена Милашина жана анын адвокаты Марина Дубровинага белгисиз топ кол салган. Бул тууралуу «Новая газета» басылмасы жазды.

Окуя мейманкананын кире беришинде болгон. Кол салгандардын арасында аялдар болгон жана алар журналист менен адвокатты уруп, тепкилешкен. Окуяны белгисиз бирөөлөр камерага тартып алышкан.

Милашина менен Дубровина Грозныйга Ислам Нухановдун сотуна барышкан. Нуханов президент Рамзан Кадыровдун жакындары жашаган Грозныйдагы тандалма конушту тартып, «YouTube» каналына жүктөгөн блогер. Ал азыр курал сактаган деп айыпталууда.

Елена Милашина – Чеченстандагы адам укуктары жөнүндө иликтеп жүргөн журналист.

XS
SM
MD
LG