Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук кеңешмеде айтылды. Маалыматка караганда, былтыркы жол кырсыктарында облуста 103 киши каза болгон. Алардын 14ү - жашы жете элек балдар. 365 өспүрүм оор жана жеңил жаракат алган. Жол кырсыктарында жалпысынан 709 киши жабыркаган.
Ысык-Көл облусунда 2018-жылы катталган жол кырсыктарында 83 киши каза болгон. Бул каза болгондордун саны 2019-жылы мурдагы жылдагыдан 1,1% көбөйгөнүн билдирет. (KS)