Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Аспековдун Мадумаровго каршы арызы жарым-жартылай канааттандырылды


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Жарандык активист Мелис Аспеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду соттон жарым-жартылай утту.

Аспеков «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, ал Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бир жыл мурда «Кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди» деп кайрылып, Мадумаровдон 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«Жарым-жартылай уттум. Канатбек Исаев менен төңкөрүш жасоо аракети боюнча айыпталып камалганыбыздын эртеси Мадумаров «Сентябрь» телеканалынан чыгып мени «чагымчыл» деп жаман сөздөрдү айткан. Ошол айтканын «Фейсбуктагы» баракчасына да чыгарган. Сот Мадумаровду менден «Фейсбук» аркылуу кечирим сурасын жана мага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берсин деген чечим чыгарды», - деди ал.

Бул маалыматты Биринчи май райондук соту да тастыктады. Соттун басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, доо арыздын моралдык зыян тууралуу бөлүгүн жарым-жартылай канааттандыруу тууралуу чечим 24-январда чыкты.

Мадумаровдун өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат. «Азаттыктын» аны менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев «бийликти күчтөп басып алууга» байланыштуу шектүү катары 2017-жылы сентябрда кармалып, 2018-жылы июлда бошотулган. Аны менен кошо Аспеков да кармалып, 1 жыл 7 айга соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG