Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:19

Караколдо спорт машыктыруучулары пикетке чыгышты


Каракол. 07.02.2020

Караколдо бүгүн 7-февралда спорт машыктыруучулары пикетке чыгышты.

Ысык-Көл облустук өкүлчүлүктүн алдында уюштурулган нааразылык акциясына Караколдогу өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык спорт мектебинин кызматкерлери катышты.

Алар мектептин жабылышына каршы чыгып, мындай чечим кабыл алган Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Канат Аманкуловдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Мектептин директору Алим Малдыбековдун айтымында, жабуу тууралуу чечимге каршы чыккан машыктыруучулар сотко кайрылган.

"Сотко менин орун басарым Узакбек Мамытов берген. Бишкек шаардык сотунан жеңип, бирок агенттик кайра Жогорку сотко арызданган. Жогорку сот ишти кайра кароого жиберген. Өкмөткө кайрылсак ишти Аманкуловдун өз кароосуна калтырган. Бизди жоюп салса, машыктырып жаткан балдарыбыз кайда барат? Машыктыруучулар ишсиз калабы? ",- деди Малдыбеков.

“Азаттык” пикетте айтылгандарга байланыштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен комментарий алды.

Мекеменин Укуктук экспертиза жана персоналды башкаруу башкармалыгынын башчысы Жылдыз Бопушева төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ооба, ал буйрукту биз 2018-жылы 5-октябрда эле чыгарганбыз. Мындай мектептер Талас, Ош, Баткен, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында да жабылып, райондук жана шаардык болуп кайра түзүлдү. 2016-жылы бардык 56 мектеп бизге Билим берүү жана илим министрлигинен өткөн. Облустук каржылоого коюлган. Бирок бир жылда акча, кадр боюнча толтура мыйзам бузуулар аныкталып, өзүбүзгө түз каржылоого өткөргөнбүз. Андыктан облустук деңгээлде каржылоо зарылчылыгы жок болуп калды. Булар 40 машыктыруучубуз бар деп жатышат, бирок алар баары район, шаарларда иштеп, машыктырышат".

Олимпиадалык резервдеги адистешкен балдар жана өспүрүмдөр мектебин жоюуга байланышкан пикир келишпестиктер эки жылдан бери соттук териштирүүлөр жана ар кандай нааразылык акциялары менен коштолуп келатат.

Мектептин маалыматына караганда, анда 780 бала окуйт жана аларга 40 машыктыруучу билим, тарбия берет. (KS/RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG