Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Тегеранда учак кыйрагандан бери журналисттер куугунтукталууда


Тегеранда кыйраган учактын калдыгы. 8-январь, 2020-жыл.
Тегеранда кыйраган учактын калдыгы. 8-январь, 2020-жыл.

Тегеранда украиналык учак атып түшүрүлгөндөн бери ондогон ирандык журналист суракка тартылып, тинтүүгө туш болушууда. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму билдирди. Маалыматка ылайык, Ирандын бийлиги айрым журналисттердин социалдык медиадагы баракчаларын да жаптырууда.

Парижде жайгашкан бул уюм 6-февралда белгилегендей, журналисттер кырсык тууралуу «мамлекеттик деңгээлдеги калп билдирүүлөрдү таратууга аргасыз болгонбуз» деп нааразылыгын ачык айтышкан.

Украинанын эл аралык аба жолдору компаниясынын «Боинг» учагы 8-январда Тегерандан Киевге учуп чыгары менен кулаган. Борттогу 176 кишинин бардыгы каза болгон. Ислам Республикасынын бийлиги адегенде трагедия үчүн жооптуу экенин четке кагып келген. Бирок 3 күндөн кийин Иран аскерлери лайнерди кокустан атып алышканын моюнга алууга аргасыз болгон.

Жергиликтүү 80дей журналист калп маалыматты таратууга жардам беришкенине өкүнүчүн айтып биргелешкен билдирүү таратышкан.

XS
SM
MD
LG