Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Министрлик: Кыргыз тили боюнча сынак ЖРТ талаптарынан алынган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 7-февралда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, “кыргыз тили тестирлөөнүн милдеттүү бөлүгүнө кирбей калды” деп тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

“2002-жылдан бери эле тестирлөөнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлөмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын 70% кѳбүрөөк бүтүрүүчүлѳрү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, - деди Усеналиев.

Марат Усеналиев кошумчалагандай, 2020-жылдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

Белгилей кетсек, Kloop.kg маалымат сайты “кыргыз тили предмети, жалпы республикалык тестирлөөдө милдеттүү сабактардын катарынан алынды” деген маалымат тараткан.

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) Кыргызстанда 2002-жылдан бери уюштурулуп келет. ЖРТны киргизүүнүн негизги максаты - Кыргызстандагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө социалдык абалына жана жашаган аймагына карабастан өз билимдеринин негизинде жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. (MiK)

XS
SM
MD
LG