Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:17

Ошто өз кызын зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды


Иллюстрациялык сүрөт

Араван райондук соту ушул жылдын 5-февралында 15 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөн адамды өмүр бою эркинен ажыратты.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди. Маалыматка ылайык, соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, кызын 2018-жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан. Анын күнөөсү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен далилденген.

Араван районунун 44 жаштагы тургуну 15 жаштагы кызын зордуктаган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Атасынан жыныстык зомбулук көргөн кыз психолог-дарыгердин кароосунан өткөн. Ал аймактагы кесиптик окуу жайлардын биринде билим алып жаткан. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG