АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирактын Нажаф шаарындагы митингчилерге күч колдонулганын кескин айыптады. Ал 6-февралдагы билдирүүсүндө расмий Багдадды мындай кырдаалга түрткү берген маселелерге көңүл бурууга үндөдү.
5-февралда Ирактын түштүгүндөгү бул шаарда демонстранттар топтолгон лагерге таасирдүү диниятчы Муктада аль-Садрдын тарапташтары кол салган. Баш кийимдеринен улам “Көк шапкечендер” деп аталган адамдардын тобу митингчилерди кууп таратууну көздөп, лагерге күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
Кагылышуу учурунда ок атылып, кеминде сегиз адам өлүп, 20дайы жараат алды. Ирактын дайындалганына бир жума боло элек премьер-министри Мохаммед Тауфик Аллави бул кол салууну кескин айыптады.
Ирактагы өкмөткө каршы акциялар өткөн жылдын октябрынан бери уланып келет. Эл Ирактын ички ишине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө, ошондой эле коррупцияга, жумушсуздуктун күчөшүнө каршылыгын билдирип, бийликтин отставкасын талап кылууда.