Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Президент акыйкатчы менен адам укуктарынын абалын талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков жана акыйкатчы Токон Мамытов. 07.02.2020
Президент Сооронбай Жээнбеков жана акыйкатчы Токон Мамытов. 07.02.2020

Адамдардын кадыр-баркына жана эркиндигине шек келтирген бардык фактыларга ыкчам чара көрүү зарыл. Мындай талап 7-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушуусунда коюлду.

Мамлекет башчысы жарандык укукту жана эркиндикти басмырлоонун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө Акыйкатчы институтунун өзгөчө ролун белгиледи.

Акыйкатчы калктын кайрылууларынын көпчүлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине, турак-жай маселелерине, медициналык, билим берүү жана башка тармактардагы тейлөө сапатына байланыштуу экенин баса белгиледи.

Мамытовдун айтымында, учурда акыйкатчынын Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштала турган жылдык доклады даярдалууда.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылдан бери иштеп келе жатат. Омбудсмен жыл сайын парламентке маалымат берип турат. (RK)

XS
SM
MD
LG