Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Милашина өзүнө кол салуу боюнча чечен лидерлерин айыптады


"Новая газета" гезитинин журналисти Елена Милашина.
"Новая газета" гезитинин журналисти Елена Милашина.

Чеченстандагы адам укуктары жөнүндө иликтеп жүргөн журналист Елена Милашина өзүнө жана адвокатына кол салуунун артында чечен лидерлери турат деп эсептейт. Ал мындай оюн 7-февралда “Эхо Москвы” радиосуна курган маегинде билдирди.

«Албетте, бул атайын уюштурулган кол салуу экени түшүнүктүү. Бул Чеченстанда иштеп жаткан адвокаттар менен журналисттерди бутага алган кезектеги кол салуу», - деди Милашина.

"Новая газета" гезитинин журналисти жана анын адвокаты Марина Дубровинага 6-февралдын кечинде Грозный шаарындагы мейманканалардын биринин кире беришинде белгисиз топ кол салган. Маалыматка ылайык, кол салгандардын арасында аялдар болгон жана алар журналист менен адвокатты уруп, тепкилешкен. Окуяны белгисиз бирөөлөр камерага тартып алышкан.

Журналист менен адвокат Грозныйга Ислам Нухановдун сотуна барышкан. Нуханов президент Рамзан Кадыровдун жакындары жашаган Грозныйдагы тандалма конушту тартып, «YouTube» каналына жүктөгөн блогер. Ал азыр курал сактаган деп айыпталууда. Бул окуя боюнча Орусиянын курамындагы Чеченстандын бийлиги комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG