Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Пакистандын парламенти педофилдерди дарга асууга чакырды


Пакистандын парламенти.
Пакистандын парламенти.

Пакистан парламентинин төмөнкү палатасы өспүрүмдөргө жыныстык зомбулук көрсөткөнү үчүн же аларды өлтүргөнү үчүн соттолгон адамдарды эл алдында дарга асууга чакырган резолюцияны кабыл алышты. Мыйзамдык күчү жок бул резолюцияны жалпы депутаттардын жарымы, анын ичинде бийликтеги "Техрик-и-Инсаф" партиясы да колдоду.

"Балдарга каршы кылмышка баргандарга ырайым жок. Алар шаардын ортосунда дарга асылышы керек", - деп билдирди резолюцияны сунуштаган парламент иштери боюнча министр Али Мухаммад Хан.


"Пакистандын элдик партиясы" бул документке каршы чыгып, мындай катаал жаза балдарга каршы жыныстык зомбулукту азайтпай турганын билдирди.

Соңку жылдарда Пакистанда сексуалдык ыдыкка туш болгон өспүрүмдөрдүн саны өскөнү үчүн бийликтен чара көрүүнү талап кылган митингдер байма-бай өтүп келет. Бирок педофилдерге каршы сот чечими чыккан учурлар аз кездешет.

XS
SM
MD
LG