Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Токаев Кордайдагы башаламандыкта каза болгондор бар экенин айтты


Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы бир нече айылда орун алган башаламандыкта каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тараткан билдирүүдө каза болгондор жана жабыр тарткандардын саны ачык айтылган эмес.

Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген.

Казак президенти каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, учурда аймактагы абал полиция жана Улуттук Гвардиянын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Токаевдин буйругу боюнча жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Казакстандын Масанчи менен Сортөбе айылдары, Кыргызстандын Токмок шаарына жакын. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бөлүгүндө чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG