Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Бишкекте «Элдик курултай» кыймылы уюштурган жыйын өтүүдө


«Дасмия» комплексинде өтүп жаткан курултайга уюштуруучулар 500гө жакын делегат катышып жатканын билдиришти. Уюштуруучулардын бири Айбек Мырза «Азаттыкка» кабарлагандай, курултайдын жүрүшүндө Кыргызстандагы конституциялык реформа, элдик курултай мыйзамы, кен байлыктарды пайдалануу маселеси жана сот-укуктук реформанын жүрүшү талкууланууда. Мындан сырткары курултай катышуучулары 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтеген коомдук комиссиянын корутундусун угушту.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин 2018-жылдын ноябрь айында өткөн курултай кабыл алган резолюциясынын аткарылышы боюнча уюштуруучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат берди.

Курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, «Элдик курултай» кыймылынын лидерлеринин бири, жакында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындалган Азимбек Бекназаров катышып жатат.

«Элдик курултай» кыймылы буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүп, курултай институтун киргизүү боюнча жарандардын колун топтогон. Былтыр жыл аягында Жогорку Кеңеш референдум өткөрүүнү талап кылган элдик демилге боюнча жумушчу топ түзүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG