Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Ош шаардык милиция кызматкери баңгизат ташууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, ушул жылдын 7-февраль күнү саат 22.50 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан баңгизат ташууга шектүү катары эки адам кармалган.

Алар түшкөн «Шевроле-Каптива» үлгүсүндөгү автомашинаны кароо учурунда 17 даана ак түстөгү пластикалык идиштерде жалпы салмагы 425 килограмм баңгизат жасоодо колдонула турган химиялык суюктук табылган.

- Алдын ала алынган ыкчам маалыматтын негизинде Баткен облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармашты. Шектүү катары кармалгандардын бирөө 26 жаштагы Ош шаарынын тургуну, экинчиси 34 жаштагы Ош шаарынын тургуну, учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкери. Ал милицияда 2007-жылдан бери иштейт экен, - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсатар Тавакалов.

Милициянын маалыматына ылайык, учурда табылган суюктуктун курамын, кайсы багытта пайдаланыларын аныктоо үчүн соттук–химиялык экспертиза дайындалып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан шектүү милиция кызматкеринин үстүнөн иликтөө башталды.
Кармалгандар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. (MdN)

XS
SM
MD
LG