Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөттү сотко берди


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандын өкмөтүн сотко берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кабарлады.

Анын айтымында, абактагы укук коргоочу кыргыз өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп эсептейт.

Буга байланыштуу Аскаров Бишкектин райондор аралык сотуна арыз жолдоду. Арыз сотто качан каралары айтыла элек.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу калабадан кийин бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Аскаровдун иши 25-февралда Жогорку Сотто кайра каралганы жатат.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG