Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Айдар Акаевдин сөөгү Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди


Айдар Акаев
Айдар Акаев

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Москвадагы кабарчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айдар Акаев менен коштошуу расмисине 200дөн ашуун адам чогулду. Алардын арасында Акаевдердин жакындары, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болду.

Кыргызстандан тажияга Аскар Акаев бийликте турган мезгилде ар кыл мамлекеттик кызматтарды ээлеген Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов ж.б. бир топ адамдар барган.

43 жаштагы Айдар Акаев 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Айдар Акаев атасы бийликте турган кезде Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, финансы министринин кеңешчиси болгон жана ишкерлик менен алектенген.

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кетип Москвада жашап жүргөн.(LzT/BkA)

XS
SM
MD
LG