Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Коронавирусту жуктуруп алган АКШ жараны каза тапты


Кытайдын Ухань шаарында коронавируска чалдыккан АКШнын жараны каза болду. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кытайдагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 69 жаштагы адам Ухандагы ооруканада көз жумган.

Буга чейин АКШда 12 адам коронавирусту жугузуп алганы аныкталган. Алардын көпчүлүгү Кытайга барып келгендер же алардын жакындары болгон. Жапон бийлиги да 60 жаштагы жараны Ухань шаарындагы ооруканада каза болгонун жарыялады.

Эпидемия былтыр декабрь айында башталган. Адамдан адамга жуккан вирус көп учурда өпкөнүн сезгенишине алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке байланыштуу глобалдык алкактагы чукул кырдаал жарыялаган.

ДСУнун акыркы маалыматы боюнча коронавирустан каза болгон адамдардын саны 724 адамга жетти. 34800дөн ашуун адам вирусту жугузуп алганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG