Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Казакстандын Кордай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Кордай районундагы башаламантыктан соңку кырдаал
Кордай районундагы башаламантыктан соңку кырдаал

Казакстандын Кордай районундагы бир нече айылдагы чыккан башаламандыктан соң райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мындай чечимге Жамбул облусунун акими Аскар Мырзахметов кол койгон.

“Жамбыл облусунун Кордай районунун аймагында 2020-жылдын 8-февралы саат 21.00дөн тарта техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыялансын”, - деп айтылат акимдин чечиминде.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир нече үй, имарат өрттөлдү.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Мындан улам чатак этникалык мүнөздө экени айтылууда. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан.

Мындан улам жаңжалдан соң кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” жана “Кең-Булуң” өткөрмө бекеттери аркылуу Кыргызстанга өткөн адамдардын саны көбөйдү. Өкмөттөгү булактардын айтышынча, 8-февралда 4500ге жакын адам өткөн. Аларды Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлдөрү тосуп алып, тамак-аш, убактылуу баш калка кылчу жай менен камсыз кылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG