UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук кур кайрадан кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкодо калды.
Ал 9-февралда АКШ мушкери Кетлин Чукогян менен беттешти. Шевченко мушташта үстөмдүк көрсөтүп, үчүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңди.
Кыргызстандык Валентина Шевченко былтыр польшалык Йоанна Еджейчикке каршы мушташып, чемпиондук курду жеңген. Андан соң курду эки жолу коргоп, Жессика Айды, андан соң Лиз Кармушту жеңген.
UFC – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм.(SDz)