Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:18

Коронавирустан каза болгондордун саны 800дөн ашты


Кытайлык дарыгер
Кытайлык дарыгер

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 9-февралда 811ге жетти. Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча акыркы суткада 89 адам каза болгон.

Мындай жол менен коронавирустан каза болгондордун саны 2002-2003-жылдары тараган SARS (дем алуу органдарынын оор синдрому) вирусунан өлгөндөрдөн ашты. Коронавируска окшош бул вирус убагында дүйнө боюнча 8000 кишиге жугуп, 800дөйү каза болгон.

Кытайдын мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, акыркы бир күндө коронавирусту жугузуп алгандар 2656 адамга көбөйүп, жалпы саны 37 миңден ашты.

Бирок эпидемиянын борбору болгон Хубэй провинциясынын борбору Ухань шаарында 1-февралдан бери вирус жугузуп алгандар азайганы кабарланды.

Эпидемия былтыр декабрь айында башталган. Адамдан адамга жуккан вирус көп учурда өпкөнүн сезгенишине алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке байланыштуу глобалдык алкактагы чукул кырдаал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG