Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Жээнбеков: Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, үй камагына чыгарымды айтышты


Равшан Жээнбеков сот залында.
Равшан Жээнбеков сот залында.

Бул тууралуу камактагы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков адвокатынын жардамы аркылуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

Анда Жээнбеков камалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө карата кысым жок экенин, буга чейинки камерадагы түнкү тинтүүнү системалык кемчилик деп эсептей турганын билдирген.

Равшан Жээнбеков тергөөнүн жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү туурасында сунуш болгонун билдирген.

«"Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы" деген сунуш болду. Мен саясий компромисске бара аларымды, бирок жалган көрсөтмө берип, ар-намысымды сата албай турганымды айтып, баш тарттым», - деп билдирген Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган.

14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн экс-депутат камалганга чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG