Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Казакстандан келген 4000ге жакын адам Ысык-Ата районуна жайгаштырылды


Ысык-Ата районунун бир нече айылына акыркы бир күндө Казакстандан 4000дей адам келип, туугандарына жайгашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагына өткөндөр Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындарына, туугандарына баш калкалап жатышат.

“Казакстандан өткөндөрдү бул жактагы туугандары, тааныштары тосуп, алып кетип жатышат. Учурда милиция кызматкерлери келгендердин санын тактап жатышат. Биз жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз”-деди Чоткараев.

Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бекеттерине барган “Азаттыктын” кабарчыларынын айтымында, 9-февралда Казакстандан Кыргызстанга өткөн адамдардын саны ишембиге караганда азайганы байкалууда.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылдын тургундары ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Мындан улам чатак этникалык мүнөздө экени айтылууда. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан менен чек арадагы бекеттердин ишин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG