Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Кордайдагы башаламандыктан каза болгондордун саны 10го жетти


Казакстандагы Кордай районундагы Масанчи айылы. 8-февраль, 2020-жыл
Казакстандагы Кордай районундагы Масанчи айылы. 8-февраль, 2020-жыл

Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди билдирди. Анын айтымында, эки адам ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, Масанчи айылындагы башаламандыктардын учурунда беш полиция кызматкери жараат алган. Алардын үчөөнө ок жаңылган.

ИИМдин өкүлү чырды жөнгө салууда полиция курал-жарак колдонбогонун белгиледи. Учурда 39 адам ооруканада дарыланууда.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү.

Казак бийлиги Кордай районунда техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыялады.

XS
SM
MD
LG