Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Чек ара кызматы: Казакстанга кайткандар көбөйүүдө


Казак-кыргыз чек аарсындагы Токмок өткөрмө бекети, 8-февраль, 2020-жыл.
Казак-кыргыз чек аарсындагы Токмок өткөрмө бекети, 8-февраль, 2020-жыл.

9-февралда Кыргызстандан Казакстанды көздөй өткөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жекшембиде саат күндүзгү 10.00го карата миңден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кетти.

Мамлекеттик орган кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу экенин кабарлады.

“2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булуң” жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй кайткан жарандар байкалууда”, - деп айтылат маалыматта.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары чек арадан канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өтүп келгенин билдиришкен. (BkA)

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

XS
SM
MD
LG