Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Казакстандан кайткандар үчүн ачылган борборго эч ким кайрылган жок


Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан.

Бул тууралуу аталган министрликтин орун басары Ализа Солтонбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан шелтердик борборлорго кайрылгандар болгон жок. Кордайдагы башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөрдүн дээрлик бардыгы жакындарынын жана дунган диаспорасы уюштурган жерлерге жайгаштырылган.

Чек арадагы абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көз салып жатканын кабарлашты. Аталган уюмдун өкүлү Азамат Баялинов муктаждык жаралса, жарандарды кабыл алуу борборлорун ачууга даяр экенин кабарлашты.

8-февралга караган түнү Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан он адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. Буга байланыштуу башамаландыктан соң Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөн.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Токмок шаарына 17 казакстандык кайрылган. Акыркы маалымат боюнча, алардын алтоону казакстандык дарыгерлер өз өлкөсүнө алып кетти.

Бүгүн Чек ара кызматы Казакстанга кайткандардын саны көбөйгөнүн жарыялады.(BkA)

XS
SM
MD
LG