Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Кордайда жараат алган сегиз казакстандык Алматыга жиберилди


Казак-кыргыз чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекети, 9-февраль, 2020-жыл.
Казак-кыргыз чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекети, 9-февраль, 2020-жыл.

Аларды 9-февраль күнү Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров алып кетти.

Вице-министр саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен жолугуп, Казакстандагы жаңжалдан качып келип, Чүйдөгү ооруканаларда жаткан адамдардын абалы менен таанышты.

Камалжан Надыров кыргыз өкмөтүнө жана кыргызстандык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, жаңжалдан жараат алгандар мындан ары Алматыда дарыланарын маалымдады. Натыйжада сегиз казакстандык бул шаарга жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын Улуттар ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

8-9-февраль күндөрү медициналык жардам сурап, 34 казакстандык жаран кайрылган. Алардын ичинен 21 киши ооруканага жаткырылган. 13 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Токмоктогу аймактык ооруканада ушул тапта беш казакстандык жаран бар, баарынын абалы туруктуу.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

8-февралга караган түнү Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан он адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү.


Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. Буга байланыштуу башамаландыктан соң Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөн.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан.(ZKo)

Кордайдан келгендердин айрымдары артка кайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00

XS
SM
MD
LG