Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ооганстанда жогорку жетекчинин уулдары атыша кетти


Бакир Мохакек
Бакир Мохакек

Кабулда Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулланын орун басары Мохаммад Мохакектин үйүндө ок атышуу болуп, бир уулу каза тапты.

Полициянын маалыматына ылайык, жогорку аткаминердин балдары өз ара жаңжалдаша кеткен. Натыйжада Мохакектин кичүү уулу Бакир окко учту. Дагы сегиз киши ооруканага жеткирилди. Окуя боюнча тергөө башталды.

Хазарлардын өкүлү, Мохакек мурда талибдерге каршы күрөшкөн можахеддердин талаа командири болчу. 2004-жылы президенттикке ат салышкан. Бир кездери Ооганстандын жарашуу жараянын көзөмөлдөгөн Тынчтык орнотуу кеңешин жетектеп турду.

2014-жылкы президенттик шайлоодо Абдулла Абдулланын тарабына өтүп, аны колдогон. Шайлоо абдан курч жүрүп, бийлик президент Ашраф Гани менен Абдулланын ортосунда бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG