Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Кытайда коронавирустан бир суткада 97 киши өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, 9-февралда өлкөдө 97 адам вирустан улам жашоо менен кош айтышкан. Анын 91и оорунун очогу болгон Хубэй провинциясында катталды. Жалпысынан вирустан каза тапкандардын саны 908ге жетти.

Өлкө боюнча вирус жугузгандардын саны 40 171 деп айтылууда. Ал эми башка 24 мамлекетте ооруга чалдыккан адамдар аныкталды, бир кишинин өлүмү катталды. Гонконгдо, Макаодо жана Тайванда жаңыдан оору жуккан 64 киши катталган.

9-февраль күнү Жапониянын батыш жээгиндеги круиз лайнердин жүргүнчүсү болгон украин жаранынан вирус табылып, ооруканага жаткырылган. Ошондой эле лайнердеги дагы 70 киши вирус жугузган деп шек саналууда, алар өз каюталарына изоляцияланган.

Бул аралыкта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайда кырдаал турукташа баштаганын кабарлады. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш мында Кытай өкмөтүнүн салымы чоң деп баалады:

«Кытай илдетти көзөмөлдөө жана ооздуктоо үчүн болгон аракетин көрүп жатканы анык. Менимче, жакшы аракеттенишүүдө. Кытайлыктар өздөрү масштаб чоң болгондуктан, айрым мүчүлүштүктөр жана маселелер бар экенин, аларды чечиш керек экенин моюнга алып жатышат».

Кытай бийлиги ооруга каршы өз алдынча аракеттенгени дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган. Илдет тууралуу маалымдап чыккан 34 жаштагы дарыгер өзү да 7-февраль күнү вирустан улам көз жумду.

XS
SM
MD
LG