Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Лейлекте мыйзамсыз сатылып жаткан кымбат спирт ичимдиктери алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кымбат баалуу ичимдиктер райондун Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймагындагы «Бишкек» деген дүкөндө сатылып жатканы аныкталган. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, ичимдиктер Орусиянын жана Казакстандын акциздик маркасы менен сатылып жаткан.

Мамлекеттик салык кызматынын жана Экономикага каршы күрөш агенттигинин кызматкерлери бул дүкөндөн жалпы суммасы 230 миң сомдук 223 бөтөлкө спирт ичимдиктерин конфискациялашты. Мындан тышкары дүкөн ээси мыйзам бузганы үчүн административдик жоопко тартылат.

«Бишкек» дүкөнү Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагында, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Аталган айыл аймагы май куюучу бекеттердин жыш жайгашканы менен да таанымал. (ZKo)

XS
SM
MD
LG