Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 10-февралга оогон түнү Кыргызстанга өткөн казакстандыктар катталган жок.
«Чек арадагы «Кең-Булуң», Токмок өткөрмө бекеттеринде абал тынч. Кечээ түштөн кийин Кыргызстанды көздөй агылгандар азайган. Тескерисинче кайра мекенине кайтып кетип жаткан казак жарандары катталды. Өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөр жок».
Мамлекеттик чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлаган.
8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү.
Казакстандын чыр чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Баш амаландыктан соң Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн. (ZKo)