Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Таиландда аскер кызматкеринин огунан мерт болгондор 29 кишиге жетти


Жакрапант Томма.
Жакрапант Томма.

Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында аскер кызматкеринин огунан мерт болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү булактарына шилтеме кылып билдирди.

Аскер кызматкери өзү адамдарды барымтада кармап турган соода борборунда атып өлтүрүлдү.

«The Bangkok Post» гезити атышуу учурунда укук коргоо органдарынын үч кызматкери жабыркаганын кабарлады.

«Thai PBS» телеканалынын маалыматына караганда, ок атуудан 63 адам жаракат алып, 13ү жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча аскер кызматкери үйүн сатуудагы мүшкүлдөрдөн улам адамдарга ок атканын билдирди.

32 жаштагы Жакрапант Томма алгач аскер лагеринде үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдай качкан. Ал «Терминал-21» соода борборуна бараткан жолдо, андан соң анын ичинде адамдарга ок атып, бир канчасын барымтага алган. Анын кандай талаптарды айтканы тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG