Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Башкы прокуратура: Жашы жете электерге каршы зомбулук күч алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 184и оор, 36сы өзгөчө оор кылмыштар. Кылмыштын көпчүлүгү Бишкекте. Баш калаада 1330 жаш балдарга карата зомбулук фактысы катталса, Чүйдө 382, Ош облусунда 232, Ош шаарында 197 учур катталган.

Бирок башкы көзөмөл органы былтыр зомбулуктан улам көз жумган балдардын саны мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе азайганын белгилейт. Маалыматка ылайык, 2018-жылы 10 бала зомбулуктан каза тапса, былтыр 5 бала көз жумган.

Маалыматта жашы жете электерге карата жасалган кылмыш иштеринин ичинен жыныстык зомбулук көбөйүп баратканы жазылган. Ага ылайык, былтыр Кыргызстанда 222 бала жыныстык зомбулуктан жабыркаган. Мунун ичинен 33 учур Бишкекте, 38 Чүйдө, 27 Ош шаарында, Ысык-Көлдө 26 учур катталган.

Ал эми жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар былтыр мурунку жылга салыштырмалуу 12% азайган.

Балдарды коргоо жылына карата 2020-жылы Башкы прокуратура жашы жетелектерге карis кылмыш иштери өзгөчө көзөмөлдө болорун эскертүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG