Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

УКМК: Баабиев кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылууда


Фархат Баабиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кой-Таш окуяларына байланыштуу айыпталып жаткандардын бири Фархат Баабиевдин «мен жөнүндө таратылган видео-аудио жазуулар монтаждалган» деген билдирүүсүнө жооп берди.

«Баабиев "видеолорду УКМК кызматкерлери монтаждап Интернет тармактарына жайылтышты" дегени - кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети» деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат буга чейин Интернетте тараган видео-аудио жазууларында Баабиевдин өзү экенин жана анын сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырактар камтылганы, мамлекетте башаламандык уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталганын билдирди.

Буга чейин Фархат Баабиевдин билдирүүсүн «Апрель» телеканалы жарыялаган. Анда Баабиев УКМК кызматкерлери аны «алдап, коркутуп тасмага тартып, монтаждап Интернетке жарыялашканын» айтып чыккан.

2019-жылы 15-августта УКМКнын Тергөө башкармалыгы Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган. Буга байланыштуу Баабиев 19-августта кармалган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG