10-февралда Токтогул районунун аймагында 25-30 сантиметр кар түштү. Учурда Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жолдогу тыгындардын алдын алыш үчүн 10-февраль саат 07:00ден баштап Жалал-Абад жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» стационардык постунан оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. (RsK)