Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

МКК: Токмокко каттоого тургандардын көбөйгөнү талкууланат


Токмок шаарындагы калкты тейлөө борбору.
Токмок шаарындагы калкты тейлөө борбору.

Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында Токмок шаарында каттоого тургусу келген жарандардын көп болуп жатканы боюнча жооп берди.

Мамкаттоо мыйзам боюнча ар бир жаран Кыргызстандын каалаган аймагында катталууга укуктуу экенин жана эч кандай чектөө жок экенин белгилеген. Бирок мекеме Токмок шаарындагы кырдаал Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талданарын билдирди.

2020-жылдын 1-январынан тартып ушул күнгө чейин Токмок шаарында 3000 киши каттоого турду. Акыркы убакта Каракол жана Ош шаарларында каттоого турууну каалагандар чукул көбөйгөнү байкалып жатканын жергиликтүү тургундар да буга чейин «Азаттыкка» билдиришкен. Алар бул көрүнүштү 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык менен байланыштырышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG