12-февралда Бишкекте Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул сыйлык быйыл журналисттик иликтөөлөр тармагындагы мыктыларга экинчи ирет берилип жатат.
Ошондой эле «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форум өтөт. Иш-чарада чет өлкөдөн келген адистер өз тажрыйбасынан бөлүшөт. Сыйлык тапшыруу аземи жөнүндө толук маалымат бул жерде.
2019-жылы фонддун байкоочу кеңешинин тандоосуна ылайык, башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков жеңип алган.
Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (TSh)