Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кыргызстан: медициналык беткапты мыйзамсыз алып бараткан өзбек жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө пунктунан Өзбекстанга 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, медициналык каражаттардын тийиштүү документтери болгон эмес. Кармалган киши милицияга өткөрүлүп берилди.

Кыргыз өкмөтү 3-февралдан тартып айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган. Токтомдун мөөнөтү алты айга созулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG