Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:55

Фонд: ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калды, дарылоого болбойт


Таласта табылып, Бишкекте багылып жаткан жарадар ак илбирстин көзүн дарылоого болбойт. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитова маалымдады. Анын айтымында, адистер илбирстин эки көзү тең көрбөй калганын аныкташты.

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган. Агенттик ак илбирстин башына бытыра кокусунан тийген болушу ыктымал экенин билдирген.

Илбирс учурда эт, майда сөөк жеп калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аны дарылоого акча топтош үчүн банк эсебин ачкан.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG