11-13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо күрткү түшөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0.. 2°, күндүзгү жогорку температурасы 2… 4° жылуу болот.