Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 21:57

Орусияда «Сеть» уюмунун мүчөлөрү соттолду


Орусияда 10-февралда «Сеть» уюмунун иши боюнча жети адам 6 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Пензадагы Приволжский аймактык аскердик соту 27 жаштагы Дмитрий Пчелинцевди «террордук уюмдун негиздөөчүсү» катары 18 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Армияда кызмат өтөгөндөн кийин режиссер болууну кыялданып жүргөн Дмитрий адвокаты менен аялына камакта кыйноого кабылганын айткан. Сот залында да башка айыпталуучулар сыяктуу «Терроризм», «Курал-жаракты мыйзамсыз сактоо», «Маңзат сатууга аракет жасоо» беренелери боюнча күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартты.

Дмитрийдин досу, 16 жылга эркинен ажыратылган Илья Шакурский беткап кийген кызматкерлер аны жертөлөдө электр тогу менен кыйнашканын айтып берген. 23 жаштагы Илья университеттеги окуусун таштап коюп, экология жана кайрымдуулук акцияларына катышып, панк-рок группада музыкант болуп жүрчү. Ильянын айтымында, үйүндө табылган колго жасалган жардыргыч затты кызматкерлер өздөрү таштап койгон.

«Эмне себептен жаза алганын түшүнгөн адамдар абакта өздөрүн башкача сезишет. Аларды «Кайсы айыбым үчүн?» деген суроо кыйнабайт. Алар ката кетиргенин, өз айыбын, эмне үчүн жаза алганын билишет. Менде болсо кандай сезимдер болот? Жообу жок, «Кайсы күнөөм үчүн?» деген суроо мени жеп, жан дүйнөмдө кайрадан жек көрүүнү пайда кылат. Мен абакта бул жек көрүүчүлүк менен күрөшөм. Бул - эң оор сыноо. Анткени мен өзгөрбөй, адам бойдон калгым келет».

Быйыл 23 жаштан 30 жашка толо элек беш жигит «террордук уюмга мүчө болгон» деген айып менен 6 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылышты. Алар: Андрей Чернов, Максим Иванкин, Михаил Кульков, Василий Куксов, Арман Сагынбаев. Булардын камактагы зордук-зомбулук, кордоо тууралуу арыздары боюнча Тергөө комитетинде бир да иш козголгон эмес.

Соттолгондордун ата-энелери башынан эле бул кылмыш ишин «күч органдары уюштурган чагым» катары баалап келишет. Сот өкүмү угузулганда залда отургандар «шермендечилик» деп кыйкырып турушту. Ал эми соттолгон балдардын ата-энелери адилеттикти күтпөй калышканын айтышат:

«Мындай өкүм менен жаштар Орусияда эч ким эместигин, өлкөгө кереги жок экенин көрсөтүп коюшту. Сот системасы толугу менен деградация болгону билинип калды» дейт он жылга кесилген 24 жаштагы Михаилдин атасы Алексей Кульков.

"Бул толугу менен башаламандык, атайлап жасалган ырайымсыздык, – дейт "Левада" борборунун башчысы Лев Гудков. – Бул коомдогу кыжырдануу менен нааразылык маанайды басууга жасалган аракет. Бийлик көзөмөлдү күчөтүп, советтик тоталитаризмге кайтаарын көрсөтүп жатат. Эч кандай жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес. "Биз каалаганыбызды кылабыз" деген белги".

Эки жыл мурун «Сеть» уюмунун иши боюнча Пензада сегиз, Санкт-Петербургда үч киши камакка алынган. Тергөө аларды "террордук уюм түзүп, Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн" деп айыптаган. Алардын кээ биринен мергенчилик мылтык, бирөөнөн граната, экөөнөн Макаров тапанчасы, дагы бирөөнөн колго жасалган жардыргыч зат табылганы кабарланган. Бул балдардын ок атышуу боюнча страйкбол оюнуна барып жүрүшкөнү аскерий даярдык катары мүнөздөлгөн.

Кылмыш иши Пензада кармалган студент Егор Зориндин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Зорин 2017-жылдын октябрында камакка алынып, бир жылдан кийин ага коюлган айып алып салынып, ал эркиндикке чыккан.

Петербургда камактагы 24 жаштагы программист Виктор Филинков жана 27 жаштагы альпинист Юлий Бояршинов боюнча сот өкүмү чыга элек. Ал эми Игорь Шишкин күнөөнү моюнга алып, 3,5 жылга соттолгон.

Москванын аймактык аскердик сотунун чечими менен былтыр апрелде «Сеть» террордук уюм катары Орусияда тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген. Ал эми «Мемориал» укук коргоочу борбору «Сеть» иши боюнча кармалгандарды саясий туткундардын тизмесине киргизген.

Пензадагы соттун чечими социалдык тармактарда талаш-тартышка жем таштап, сот өкүмүнө нааразылар «Мы все в сети», «Мы - сеть» деген хэштег менен пикирлерин билдирип жатышат:

«Сот өкүмүндө айыпталуучулар «белгисиз жерде, белгисиз убакта, белгисиз жайда» бир нерсе пландаштырышканы айтылат. Анан 6 жылдан 18 жылга чейин эң катаал жаза берилет. Мындай жазаны «Хамас» менен «Хезболланын» киши өлтүргүчтөрүн террорист катары тааныбаган Путиндин мамлекети чыгарды. Алар террористтерди күнөөсүз адамдардын арасынан, «токулган иштердин» артынан, кыйноо менен чагымчылдыкты колдонуп, издеп жатышат. Бул - биринчи иш эмес. Крым татарлары менен Олег Сенцовдун ишин эстегиле. Ар бирибиз ушундай куугунтукка кабылып, токулган кылмыш иштин курмандыгы болуп калаарыбызды эстеп жүргүлө» деп жазды Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский.

Саясат талдоочу Аркадий Дубнов:

«Өлкөгө 1937-жылдар кайтып келгенин, НКВД баарын колго алганын айтып, биз өзүбүз коркуп, анан балдарыбыз менен неберелерибизди коркутуп алгыбыз келет. Бирок, алар коркушпайт. Биринчиден, алар жаш, жаштык менен адилеттүүлүк издешет. Экинчиден, тилекке каршы же тилекке жараша, аларга Сталиндин НКВДсы менен Малюта Скуратовдун «опричниналары» бирдей тең. Алар - өткөндүн элеси, алардан кино же мультфильмдин каармандарынан корккондой эле коркушат. Жаштарга азыр өздөрүнүн заманынын каармандары керек. Алар эркин блогер, музыкант, актерлор, Дудга окшош журналисттерди угушат».

Орусияда учурда жаштар кыймылдарынын бир нече мүчөсү экстремизмге айыпталып камакта отурушат. «Новое величие» тобунун активисттеринин бири Анна Павликова кармалган кезде 17 жашта болгондуктан үй камагына чыгарылган. Алар «Макдональдста» чогулуп, саясатты жана жаңылыктарды талкуулап, эски полигонго барып, ок атып, «Молотов коктейлдерин» жасаганды үйрөнүшкөн деп айтылган.

Камакта отурган жаштардын ата-энелери жана аларга тилектештер «Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн» деген ураан менен Орусияда бир нече жолу жүрүшкө чыгып, бул кылмыш иштерине коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет жасашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG