Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-февралда кабарлагандай, жалпысынан Кытайда 4000ден ашуун кыргызстандык студент окуйт. Алардын айрымдары каникулга үйлөрүнө кетишкен, айрымдары Кытайда калышкан. "Бээжиндеги элчилик коронавирус коркунучунан улам бардык кыргызстандыктар менен байланышып, аларга көмөктөшүүгө аракет кылууда. Бирок биз менен байланышка чыкпай жаткан мекендештер да бар" деп жазылган билдирүүдө.
Коронавирустун жайылуусунан улам Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги атайын штаб түзгөн. Штаб Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан күнү-түнү телефон аркылуу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кабыл алат. Ошондой эле алардын жакындарына да маалымат берилет.
3-февралдан бери штабга кайрылгандардын саны эки миңге чукулдаган. Маалыматта элчилик мекендештерге дары, азык-түлүк жана башка муктаждыктарын жеткирип турганы да кошумчаланган.
2-февралда Казакстандын көмөгү менен Кытайда окуган 18 студент Кыргызстанга алып келинген.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин, консулдук кызматтарынын дареги жана байланыш телефондору:
1.Бээжин шаарындагы элчилик. Дареги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China,
+86 10 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg,
+86 132 602 03680; +86 135 819 02801.
2. Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China,
+86 20 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg,
+86 139 250 51627, +86 186 660 93015.
3. Үрүмчү шаарындагы виза бекети. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqi city, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg,
+86 133 256 29147, +86 185 990 44747.