Аталган комиссия 11-февралда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, мамлекеттик органдардагы кызматкерлер менен чогуу коррупцияга аралашканы жана башка мыйзамсыз иштери тууралуу басма сөз каражаттарына жарыяланган маалыматтарды иликтөөнү улантат.
Депутаттык комиссия 31-январдагы жыйынында Финансы полициясынын, УКМКнын маалыматын укккан. Финансы полициясынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиевдин депкомиссияга айтып бергени боюнча, Айеркен Саймаити жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932,7 млн. доллар чыгарып кеткен.
Депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү отурумга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Раим Матраимовду, журналисттик иликтөөдө аттары аталган депутаттарды жана башка аткаминерлерди чакырууну талап кылышкан.
Жыйынга депутаттык комиссиянын чакыруусу менен «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева да катышып, Саймаити тууралуу журналисттик иликтөөлөр Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачканын билдирген.
Ал журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жасап жатышканын белгилеген. (ZKo)