Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:47

Тажик бийлиги Ухандагы жарандарына учак жөнөттү


Ага ылайык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы Тажикстандын Хубэй провинциясындагы жарандарын алып келүү үчүн Кытайга кетти. Бул тууралуу 10-февралда Тажикстан Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Маалыматтарга караганда, коронавирус чыккан Ухань шаарынан 54 тажик жараны, анын ичинен 45 студент эвакуацияланат.

Тажикстан ТИМи бортту дарыгерлер, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кызматкерлери коштоп барарын кабарлады. Ушул эле учак Тажикстандан Кытайга гуманитардык жүк ала кетти.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда Кытайдан келген 645 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын көбү студенттер жана ишкерлер. Арасында 47 Кытай жараны да бар.

Тажикстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Өлкөнүн бардык чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG