Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Үч медиага доо арыз боюнча сот: адвокат Свердлов райондук сотунунун аныктамасына каршы арыз берди


Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доосу боюнча 11-февралга белгиленген жарандык тартиптеги сот отуруму болгон жок. Буга «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин Бишкек шаардык сотуна жолдогон жеке арызы негиз болду. Адвокат шаардык сотко Свердлов райондук сотунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүдөн баш тарткан аныктамасына каршы жеке арыз жазган. "Арыз качан каралаары белгисиз" деди адвокат Алагушев.

«Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова 29-январдагы отурумунда канааттандырган эмес. Судья ишти Ленин райондук сотуна өткөрүүгө негиз жок деп тапкан.

Буга чейин ушул эле судья Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага каршы арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Ушундай негиздерге таянган жактоочу Алагушев сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова калыстык кыла албайт деп эсептеп жатат.

Мындан тышкары «Азаттык», «Kloop.kg» медиаларынын жактоочулары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керектигин билдиришкен.

Юристтердин айтымында, тараптар сотко бир нече жолу ишенбестик көрсөтүп, бирок ал канааттандырылбаган учурда ишти башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч берилет.

Жоопкер тараптын адвокаттары Свердлов райондук сотунун төрайымына ишеним болбой жаткандыктан, бул соттун башка да судьяларына ишенбей турганын айтып жатышат.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG