Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев парламенттеги Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Жыйын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев Кытайдан келген товарларды өзгөртүп, алымын азайтып алуу практикасы боюнча күмөн саноо күч экенин билдирди.
"Кытайдан кымбат баалуу телефон же башка товар келсе, аны көлөч же башка товар катары көрсөтүп аз алым алган деген сөздөр болуп атат. Аны кантип түшүндүрүүгө болот?", - деп суроо салды Карашев.
Бул суроого Торутаев мындай маселе болуп келгенин айтып, бирок электрондук системанын ишке кириши менен ал маселе чечилди деп жооп берди.
"Бир күндө 150 машине келет. Биздин кызматкерлер бир машинедеги жүктү текшерүү үчүн төрт саат кетет. Ошондуктан эң көп дегенде 10 машинени кароодон өткөрчүбүз. Электрондук текшерүү киргени 100 пайыз текшериле баштады", - деди Торутаев.
Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Комиссиянын жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчеси катышып, маалымат берген. (BkA)