Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ЖКда комиссия Абдыкадыр тууралуу маалымат берүүнү сурады (видео)


Хабибулла Абдукадыр.
Хабибулла Абдукадыр.

Кыргызстандын тергөө топтору Хабибулла Абдукадыр боюнча айрым маалыматтарды текшерип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев 11-февралда парламентте депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов прокуратура өкүлүнө Абдыкадыр боюнча маалыматтарды текшерип, депутаттык комиссияга берүүнү суранды.

Мамытов Айеркен Саймаити которгон акча боюнча убагында чара көрүлбөгөнүн белгилеп, мамлекетке которулган каражаттардан салык төлөтүү аракети болбогонун айтты. Депутат Өмүрбек Бакиров Саймаитини калкалаган жетекчилерди аныктоо зарыл экенин билдирди.

Айеркен Саймаити жана анын жубайы 2010-2015-жылга чейин 937 миллион доллардан ашык каражатты Кыргызстандан которгонун Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев маалымдады. Анын айтымында, Саймаити жалпысынан бул убакыт аралыгында 3475 транзакция жасаган.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Иликтөөдөгү башкы каармандардын бири Айеркен Саймаитини кийин Стамбулда белгисиз кишилер атып кетишкен.

Парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, мурдагы жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси катышып, маалымат берген. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG